<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>БИЛЛИ СПРАГА и НИЛС БОРОП</author>
<lyrics>[V1]
 Иерусалимде Виа Долорос көчөсү аркылуу
 Аскерлер элди кууп, таратып жатышты
 Бирок топ эл Голгофага өлүмгө
 Баратканды
 Көрүүнү каалап жатышты.

[C1]
   Виа Долорос көчөсү -
   Кайгы, көз жаштын жолу
   Козу катары баратты
   Падыша Куткаруучу.
   Сени, мени сүйгөн үчүн
   Кыйын жолду тандады.
   Виа Долорос көчөсү
   Голгофага алып барды.

[V2]
 Бизди кечир, жүрөгүңө
 Ачуу ууну куйдук.
 Айкаш жыгачка кадап Сени,
 Жараатыңды чукудук.
 Колдоруңа көп жыл мурункудай
 Ишенбестиктин мыгын урдук.

[C2]
   Бардык жанды, адамдарды
   Жууган Анын каны,
   Иерусалим, сенин жүрөгүң
   Аркылуу акты.</lyrics>
<title>Виа Долорос</title>
</song>